Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Пара берүү

ПАРА БЕРҮҮ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик кызмат кызыкчылыгы менен мамлекеттик бийликке каршы жасалган кылмыш. Кызмат адамына жеке өзү же ортомчу аркылуу мыйзам чегинен чыкпаган аракеттерди жасоо үчүн пара берүү бул кылмыштын өзөгүн түзөт. П. б. өзара төмөндөгүдөй жиктелет: бирнече жолу; өтө ири өлчөмдө; уюмдашкан топтун кызыкчылыгы үчүн; мыйзамсыз иштерди жасоо (же жасабоо). Эгер кызмат адамы тарабынан кысым көрсөтүлгөн болсо, же П. б. боюнча кылмыш ишин козгоого акысы бар органга өз эрки менен билдирилген болсо, пара берген адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: